Кыргызстанда пневмония болгондор алты айда 16 миңге жетти

Быйыл Кыргызстанда пневмония (өпкөнүн кагынуусу) менен ооругандарын саны өткөн жылдын январынан июнь айына чейинки көрсөткүчтөн 24,3 пайызга көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 21-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Өлкөдө үстүбүздөгү жылдын январь айынан июнга чейин пневмония 16 190 кишиден аныкталды. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 13 026ны түзгөн.

Өпкөсү кагынып ооругандар 2020-жылга салыштырмалуу Нарын облусунда — 1,7 эсеге, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек шаарында — 1,6 эсеге олуттуу көбөйгөн.

 

Пневмония менен ооругандардын эң көбү жылда Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында катталат.

Буга чейин адистер коронавирус пневмонияны козгоп-күчөтөрүн билдиришкен. Мындан улам, вирус жуктургандар менен бирге пневмония менен ооругандардын да саны өсүп жатат.

Кыргызстанда акыркы суткада эле 1 102 киши коронавируска чалдыккан. Пневмония башталган өткөн жылдын март айынан бери илдетти жуккандардын жалпы саны 152 709 адамга жетти. Анын ичинен 128 905 бейтап сакайды.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 257 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо