Марипов: Максат айылындагы мектеп 1-сентябрда ачылат

Сүрөт: Министрлер кабинетинин маалымат кызматы

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда талкаланган Баткен облусунун Максат айылындагы орто мектеп 1-сентябрда окуучуларды тосуп алууга даяр. Бул тууралуу өкмөт башчы Улукбек Марипов билдиргенин Министрлер кабинети кабарлады.

Марипов президенттин тапшырмасы менен бүгүн Баткен облусуна кеткен. Жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугуп, кыйраган турак-жайларды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

«Финансылык маселелер чечилген. Каражат бөлүнгөн. Объектилердин курулушун гана жыйынтыктабастан, инфраструктураны, анын ичинде негизги көчөлөрдү асфальтташтыруу жана жарыктандыруу маселесин чечүү зарыл. Тургундар ыңгайлуу жашоо үчүн бардык зарыл шарттар менен камсыздалышы тийиш», — деди Улукбек Марипов.

Маалыматка караганда, Максатта фельдшердик-акушердик пункттун курулушу аяктап калды, милициянын аймактык бөлүмүнүн имараты толук оңдолду. Ушул тушта 100 орунга эсептелген «Сейтек» бала бакчасынын 70% курулду. Учурда аталган айылда он үй толук курулуп бүтүп, дагы 40 тамдын курулушу теңинен жогорулап калды. Максатта жалпысынан 83 турак-жай салынат.

Мындан тышкары Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги окуялардын жүрүшүндө жабыркаган Максат айылындагы чек ара постуна дагы барып, калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Ал ошондой эле Лейлектеги Кулунду менен Сада айылдарында болду.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал

Быйыл кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо