Ош шаардык кеңешине төрт партия өтүп, мандаттар бөлүштүрүлдү

Ош аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, аны өттү деп тапты.

АШКнын төрагасы Урмат Аттокуров мындай чечим 14-15-июль күндөрү жыйынтыктоочу жыйында кабыл алынганын «Т-Медиага» билдирди. Айтымында, кайра шайлоого катышкан 8 саясий партиянын ичинен төртөө жети пайыздык босого чектен өттү. Ага ылайык «Ата-Журт Кыргызстан» 19 мандат,»Биздин Кыргызстан» 15 мандат, «Улуттар биримдиги» жети жана «Бир Бол» партиясы төрт мандат алды.

Ош шаарында 153 миңдей шайлоочу катталган. Калаадагы 78 шайлоо тилкесинде 66 732 шайлоочу добуш берди.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана кайра шайлоо 11-июлда өткөн. 

Шайлоодо жеңип чыккан партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо