
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Министрлер кабинетине өлкө аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүүнү тапшырды.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал сел, жер көчкү, суу ташкыны ыктымалдыгы жогорулап жаткандыгына байланыштуу, ишке тартылган тиешелүү мамлекеттик органдар жогорку даярдыкта иштөө режимине өтүшү керектигин белгиледи. Мындан тышкары жарандардын өмүрү жана алардын мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн сел, жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кооптуу аймактарга туруктуу мониторинг жүргүзүп, көзөмөл кылуу зарылдыгын эскертти.
Ошондой эле Жалал-Абад, Баткен облустарындагы табигый кырсыктын кесепетинен каза болгондор менен жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аларга мамлекет тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлөрү белгиледи.
20-июлда кечке жуук Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел келип, алты жаштагы кызды сел агызып кетти. 19-июлда Баткен облусунун Лейлек районунда да сел жүрүп, 16 жаштагы өспүрүм каза болгон.
12-июлда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда да сегиз кишини сел агызып, каза болгон.
Оставьте первый комментарий