Бир суткада коронавирустан 12 киши каза болду

COVID-19 илдети  акыркы суткада 12 бейтаптын өмүрүн алды. Бишкекте 6, Чүйдө 4, Нарын менен Баткенде 2 бейтап көз жумду. Илдет дагы 1169 кишиден аныкталды. Анын 29у медициналык кызматкерлер. Ошол эле учурда 1837 адам айыгып чыкты.

Республикалык штабдан билдиришкендей, жаңы учурлардын 760ы Бишкектен, 13ү Ош шаарынан, 132си Чүйдөн, 31и Ош облусунан, 12си Таластан, 17си Нарындан, 52си Ыссык-Көлдөн, 76сы Жалал-Абаддан, 76сы Баткенден аныкталган.

Жалпы коронавирус жуктургандар өткөн жылдан бери 153 878ге жетти. Анын ичинен айыккандар 130 742. Каза болгондор 2 217.

Стационарда 4 356 бейтап дарыланууда. Алардын 1 224нүн абалы оор, 226сы өтө оор абалда деп бааланууда. Амбулатордук дарыланууда – 16 009 бейтап жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо