ИИМ: «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы атайын кайтарууда турат

Сүрөт: Т-Медиа

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайдын аймагына тажик тараптын видеобайкоо орноткону боюнча комментарий берди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы «Головной» стратегиялык аймак жана ал Ички иштер министрлигинин атайын кайтаруусунда турат.

«Ушул жылдын 28-апрель күнү кыргыз-тажик ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытуудан улам талкаланып, жараксыз абалга учураган. Бүгүнкү күндө жабыркап, талкаланган жерлер кайрадан калыбына келтирилдт. Эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушкан. Азыркы учурда аталган аймакты Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кайтарууга алып, толук көзөмөл жүргүзүп турат. Абал туруктуу», -деп айтылат маалыматта.

Чек арадагы чыр

28-апрелде чек арадагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы («Головной») суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде чыр чыккан. Кагылышуунун келип чыгышына аталган дарыяда жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдагы электр мамычаларына тажик тараптын видео камераларды орнотуп алганы себеп болгон.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болгон, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алган. Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо