Исхак Пирматов тил кат менен абактан бошотулду

Сүрөт: Акчабар

Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупциялык иштерге байланыштуу кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, тергөө бүткүчө эч жакка кетпөө шарты менен бошотулду.

Анын бөгөт чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 15-июлда караганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

«Анткени Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурору менен шектелүүчү Исхак Пирматовдун ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн», -дейт соттон.

Пирматов 31-майда кармалып, эки айга камакка алынган. УКМКнын маалыматына ылайык, ал Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Коррупция) негизинде кылмышка шектелүүдө.

28-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Пирматовдун депутаттык мандатын өзүнүн арызы боюнча алган.

«Кумтөр ишине» байланыштуу экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев баштаган бир катар азыркы жана мурдагы аткаминерлерге айып коюлду.

31-май күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров да кармалып, эки айга камалышкан болчу. 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалган. Баарына “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.

Кармалгандардын ичинен Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты. Исхак Пирматов менен Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо