Кыргызстанда бүгүнтөн тарта AstraZeneca менен эмдөө башталат

Кыргызстанда жарандар 22-июлдан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен да эмделе баштайт. Европа өндүрүшүндөгү препараттын 40 миң дозасын Азербайжан гуманитардык жардам катары берген.

Июлдун соңунда эл аралык COVAX программасынын алкагында дагы 220 миң доза келет. Бул тууралуу  Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Буга чейин кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакциналары менен эмделип жаткан.

Учурда Кыргызстанда жалпы вакцинанын 1 миллион 128 миңден көбүрөөк запасы бар. 29-марттан 21-июлга чейин 391 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 100 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең алышты.

Вакцинаны 18 жаштан өткөн жарандар акысыз алышат. Препарат эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери расмий эсепте 153 миңдей адамга коронавирус жугуп, 2200дөн көп бейтап көз жумду.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо