«Марипов чек арага келген жок». Баткендиктер үйлөрү курулбай жатканына наарызы болушууда

Баткен районунун Ак-Сай айылынын 20дай тургуну бүгүн, 22-июлда облустук администрациянын алдына чогулушту. Алар чек ара чырында өрттөлгөн үйлөрү калыбына келбей жатканына нааразы болушууда.

Чогулгандар министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ, 22-июлда Баткен облусуна болгон иш-сапарында чек арадан кабар албаганын айтып, кайрадан келишин талап кылышты. Жашоочулар өрттөлгөн үйлөрдү бийлик эки айда калыбына келтиребиз деп убада кылганы менен курулушу баштала электигин айтышты.

«Бизден кабар ала элек. Марипов болсо биз тарапка эч барбайт. Башка жактан эле кайтып кетет. Аркасынан жүргөндөр бизди сүйлөтө койбойт. Элдин үнүн жеткирбейт. Бала-чака, неберелер менен кыйналып көчөдө жүрөбүз. Баарыбыз көчөдө калдык. Бала-чака бар. Мал жандыгыбыз бар. Кыш келе жатат. Ак-Сайдын бир жагы кыргыз, бир жагы тажик. Фундамент куюлганына эки ай болду. Бир үй бүтө элек»,- деди Ак-Сай айлынын тургуну Халид Амираев.

Жергиликтүүлөр менен Баткен облустук администрациясынын кызматкери Алимбек Матмуратов жолугуп, талкаланган үйлөр боюнча иш жүрүп жатканын айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ушул күндөрү Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт. Кечээ, 21-июлдагы парламенттин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов жаңжалда бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү жай жүрүп жатканын айтып, сынга алган.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 136 үй, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо