Президент депутаттар менен жолукту. Эмне маселелер талкууланды?

Садыр Жапаров 21-июлда, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Анда учурдагы социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, ошондой эле парламенттин кароосунда турган актуалдуу мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашуу болгон. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Жапаров өлкөнүн саясий жана коомдук турмушундагы Жогорку Кеңештин маанилүү ролун белгилеген.

«Бардык күчтү мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын курууга багыттоо зарылдыгы белгиленди. Садыр Жапаров жарандардын мамлекеттик бийлик институттарына жана мыйзамдуулук үстөмдүгү принциптерине болгон ишенимин бекемдөөнүн маанисине көңүл бурду. Парламенттин бийликтин бардык бутактары менен катар эле ар кандай социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде коронавирус инфекциясынын пандемиясынын кесепеттеринен улам келип чыккан маселелерди тез арада чечүү боюнча консолидацияланган иш жүргүзүшү керектигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жолугушууга барган депутаттардын бири Сайдулла Нышанов «Азаттыкка» президент 21-июлда депутаттарды чакырып, «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаганын айткан.

«Кээ бирлер 90у тең бир мандаттуудан болсун десе, айрымдары баары партиялык тизме менен, бирок добушту даректүү кылып, талапкердин фамилиясына берүү аркылуу шайланганы туура болорун айтышты. Президент убагында эл партиялык тизмеден тажагандыктан, бир мандаттуу округ сөзсүз болушун суранганын айтып, “ошондуктан 35ин же 45ин өзүңөр чечкиле, сүйлөшүп кабыл аласыңар да” деди. Калганын партиялык тизме менен, эгер мүмкүнчүлүк болсо, канча каражат кетерин Борбордук шайлоо комиссиясынын адистери менен да такташып, фамилия боюнча бериле тургандай кылып кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды. Мыйзам долбоорун эртең (22-июлда) биринчи окууда кабыл алабыз жана экинчи окууда оңдойбуз»,​ — деп айткан  Нышанов.

Ал ошондой эле бул жыйын президентин демилгеси менен өткөнүн кошумчалаган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6035 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо