Президент облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Тизме

Президент Садыр Жапаров өзүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Жарлыкка 16-июлда кол коюлган. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Алар:

Абдикарим Алимбаев — Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл;

Сабыркул Ашимбаев — Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл;

Зиядин Жамалдинов — Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл;

Мирбек Кожоев — Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл;

Бакытбек Нарбеков Таластагы ыйгарым укуктуу өкүл;

Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүл;

Эркин Тентишев Чүй облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү болду.

«Ыйгарым укуктуу өкүлдөр өздөрү жетектеген аймакта президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт» — деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин президентин Жарлыгы менен өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо