Ысык-Көлдө жол кырсыгынан беш киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда жол кырсыгынан беш киши каза болду. Бул тууралуу ИИМге караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Кырсык 21-июль күнү, саат 21:30 чамасында Чырпыкты айылында болгон. «Лексус 470» жана Mitsubishi машиналары кагылышкан. Каза болгон беш киши тең Mitsubishi автоунаасында бара жатышкан. Дагы беш адам ар кандай жаракат алып аймактык ооруканага жаткарылды.

24.kg сайты «Лексустун» айдоочусу мас абалда болгонун жазды. 

ИИМдин маалыматы боюнча, ушул жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болгон. 4000ден ашык киши жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо