Жалал-Абадда дыйкандар пиязды кол менен жыйноо процессин техникага алмаштырышууда. Видео

Сүрөт: T-Media

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда дыйкандар пияз өндүрүүдө чыгымды кыскартуу үчүн кол менен жыйноо процессин техникага алмаштырып жатат. Алар TES борборунун “Кошумча нарк чынжырчасы” долбоорунда окуудан өтүп, жаңы ыкмада мол түшүм алууну өздөштүрүшкөн. Дыйкандар бул ыкманы эки жылдан бери жаңы сорттогу кореян, свифт, пассат пияздарын өстүрүүдө колдонуп, кирешени көбөйтө алышты.

Райондогу дыйкандардын бири Үсөн Султанов пияз эгип киреше тапканына 5 жылга таяп калган. Ал буга чейин дыйканчылыктагы салттуу ыкманы колдонуп жылына 40 тоннага чейин түшүм алса, долбоордун жардамында 65-70 тонна пияз жыйнаган. Султанов кол менен жыйноодо чыгым көп болоорун, заманбап техниканын жардамында иш жеңилдеп, чыгаша суммасы азайганын айтат.

«TES борборунун жардамында Өзбекстандан пияздын пассат, кореян сортун алдык. Мурун бизде техника жок эле, түшүмдү кол менен терип, дарыны шыпыргы менен чачып жүргөнбүз. Бизге агрономдор келип кандай дары себиш керек, кандай витамин бериш керек баарын үйрөтүшкөндүгү үчүн биз, көп түшүм ала алдык» дейт Султанов.

 

Кошумча нарк чынжырчасы деген эмне?

«Пияз өндүрүүнүн туруктуу иштөөчү кошумча нарк чынжырчасын түзүү» бул — пияз түшүмүн арттырууга багытталган үч жылдык долбоор. Ал айыл чарба жаатында иш алып барган TES борборунун колдоосунда өтүп, дыйкандарга пияздын пассат, свифт, жана кореян сортторун өстүрүү жолдору үйрөтүлөт. 

Ноокендин Арал, Достук жана Бүргөндү аймактарында 200дөй дыйкан долбоор алкагында окуудан өткөн. Арасында аялдар дагы бар. Алар жалпы 126 гектар жерге пияз эгишкен.

Быйыл бул жаңы сорттон жакшы киреше тапкан дыйкандардын айтымында, агрономдор алардын окуудан кийинки ишин да көзөмөлдөп турган. Мындай колдоо тургундардын түшүмдү туура даарылап, керектүү минералдарды туура тандашына шарт түздү. Ошондой эле, долбоордо өсүмдүк үчүн минералдардын, техниканын сапаттуусун алуу үчүн сатуучуларды да дыйкандарга атайын адистер таап берет. Эгин жыйналгандан соң, аны дүңүнөн сатып алуучуларды да табыштырат. 

Техника менен түшүм жыйноодо чыгым канчалык кыскарат?

Түшүмдү техника менен жыйноо кол менен чогултууга караганда бир топ арзанга түшкөн. Жалпы эгинди чогултуп алууга буга чейин 70 миң сарпталып келсе, техника менен бул чыгым эки эсе кыскарып 30 миң сом болгон.

Ошондой эле, бул сорттогу пияздар эрте түшүм бергендиги менен айырмаланат. Ноокендеги дыйкандар пияздын кореян сортун майдын аягы, пассат түрүн июндун башында жыйнап алууга жетишкен. Эми пиязды өндүрүүнү жакшы өздөштүрүп күз мезгилинде суроо-талап күчтүү болгон сортторун алып келүүнү пландап жатышат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 257 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо