Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун артка кайтарды

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

Парламент 22-июлдагы сессиясында президент Садыр Жапаров сунуштаган «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзам долбоорлорун артка кайтарды. Аталган төр документ кайрадан иштелип чыгышы керек.

Аталган мыйзам долбоорлор бүгүн биринчи окууга киргизилген. Талкуу маалында депутаттар катуу сынга алып, айрымдары аны четке кагууну сунуштады. Долбоорду күн тартибинен алып салуу тууралуу сунуш өтпөй калып, кайра иштеп чыгуу боюнча кийинки демилге колдоо тапты.

Президент сунуштап жаткан “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” долбоордо Министрлер кабинетинин түзүмүн президент аныктайт. Анын төрагасын, орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент дайындайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат. Аткаруу бийлигинин башчысын жана анын мүчөлөрүн президент кызматтан бошотот.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” документке болсо, акимди президент дайындайт жана кызматтан бошотот. Анын орду саясий кызмат болуп эсептелет. Ал да кол тийбестик укукка ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө же жеке кароого алынышы мүмкүн эмес. Ал президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорлорунда көбүнчө мамлекеттик кызматкерлердин аткара турчу иштери тууралуу түшүндүрмөлөр жазылган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун бул шилтеме менен кирип, окуңуз.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5426 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо