
“Т-Медиа” редакциясына WhatsApp колдонуучулары дарынын капсуласынан мык чыккан видеону текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылды. Сөз Esoral дарысы тууралуу болууда.
Издөө системасынын жардамы менен аталган видео интернет желесине төрт ай мурун тараганын билүүгө болот.
Дарынын сыртында “Esoral 20 мг капсула”, “City Pharmaceutical Laboratorie” жана Карачи, Пакистан деген жазууларды көрүүгө болот. Ошондой эле урду тилиндеги сөздөр да бар.
Esoral аттуу дары-дармек чынында бар жана аны Eskayef Pharmaceuticals Ltd фармацевтикалык компаниясы чыгарат. Анын башкы кеңсеси Бангладештин Дакка шаарында жайгашкан. Компаниянын Пакистандын аймагында да филиалдары бар экенин ачык булактардан көрүүгө болот.
Компаниянын тарыхын, географиясын, эл аралык стандарттарды кармануусун жана дары-дармектерди өндүрүү, сактоо системалары толук автоматташтырылганын эске алганда, дарыда мык чыгып калышы акылга сыйбаган көрүнүш.
А балким автор таңгакты ачып, ичиндеги капсуланы алмаштырып жүрбөсүн? Толук мүмкүн. Ал дарынын таңгагындагы фольганы ачып, капсуланы алмаштырып, таңгакты кайрадан чаптап коюшу ыктымал. Интернет желесинде мындай кадамга баргандардын маалыматы байма-бай айтылат. Анда фольганы өзүндөй кылып кайрадан чаптап коюшканын көрсө болот.
Автор капсуланы кантип алмаштырды?
Тасмада автор дары-дармектердин бир гана тарабын көрсөтөт. Эгерде анын айтканы чын болсо, ал эки тарабын тең көрсөтмөк. Демек, экинчи тарабын ачып, капсуланы алмаштырган. Бул тасмада көрсөтүлгөн эмес.
Дары Кыргызстанда сатылабы?
Ал арада Кыргызстандын дары-дермек департаментинин директорунун орун басары Чынара Мамбеталиева аталган видео тууралуу “Т-Медиага” маек курду. Ал Esoral дарысы Кыргызстанда колдонулбасын жана расмий каттоодо да жоктугун белгиледи.
“Биринчиден, видеодогу дары биздин өлкөдө каттосу жок. Мындай дары алынып келинген эмес. Мындай дарыны биринчи жолу көрүп жатабыз. Экинчиден бул видео фейк деп жүз пайыз айтса болот. Анткени технологиялык процессте капсуланын ичине майдаланган порошок кирет. Бир дагы жабдык мыкты ушундай кылып салганга мүмкүнчүлүк жок. Анан колдо эле сыртына фальга чаптап жасашы мүмкүн”,- деди Мамбеталиева.
Жыйынтык: Капсуладан мык чыккандыгы тууралуу видео — фейк.
Эске салсак: буга чейин Энтерофурил дарысынан да мык чыкканы айтылып, factcheck.kg сайты вирустук тасма экенин далилдеген болчу.
Оставьте первый комментарий