Президент мас айдоочуларды текшерүү чараларын күчөтүүнү тапшырды

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы автокырсык. Сүрөт: ӨКМ

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине мас абалында унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды. Айрыкча Ысык-Көлгө кошумча күч тартуу зарыл. 

«Ички иштер министрлиги жайкы туристтик мезгилде жолдордо адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүшү керек. Бул чара мас абалындагы айдоочулардын айынан  болгон жол кырсыктарын алдын-алуу, алкоголдук ичимдик ичип же баңгизат колдонуп, мас абалында жүргөн айдоочуларды аныктоо жана бөгөт коюу максатында зарыл», -деп айтылат маалыматт.

Соңку күндөрү Кыргызстанда адам өмүрү кыйылган автокырсыктар көбөйдү. 22-июль күнү кечинде Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунда эки машина кагышып алты киши мүрт кетти. Эки адам ооруканада.

21-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы-Ананьева-Каракол автожолунда авариядан беш киши каза болуп, дагы бешөө жаракат алган.

10-июлда да Ош облусунун Алай районунда жана Бишкек-Ош автоунаа жолунда болгон эки кырсыктан төрт адам өлгөн. Бул алты айдагы статистикага киргизилген эмес.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*