
Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты. Мекеменин маалыматына караганда, 24-27-июль күндөрү аба ырайы ченемден тыш ысык болот.
Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынында 38…40° градуска жетет. Таласта болсо 37…39° чейин ысыйт.
24-июлда күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Оставьте первый комментарий