Сыйлыгы болсо камалбайт. Жаңы мыйзамда Министрлер кабинетине кандай артыкчылыктар берилген?

Жогорку Кеңеш кечээ, 22-июлдагы жыйынында президент Садыр Жапаров сунуштаган төрт мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. Анын ичинде “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам да бар.

Депутаттардын долбоорду колдоодон баш тартышына анда аткаруу бийлигиндеги жетекчилерге бир топ артыкчылыктар берилип калганы себеп болду. Мындан улам, «Т-Медиа» мыйзам долбоорундагы айырмачылыктарды карап көрдү. 

Президент сунуштаган бул долбоор 36 беренеден турат. Жаңы долбоорго ылайык, Министрлер кабинетинин түзүмүн президент аныктайт. Алар президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат. Ал эми, мамлекеттик сыйлыгы бар Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн камакка алууга мүмкүн эмес. 

Мисалы, мыйзамдын 6- беренесинде Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо тартиби берилген. Анда алардын түзүмүн Жогорку Кеңешке президент сунуштаары айтылат.  Депутаттар түзүмдү дайындоого 3 күндүн ичинде макулдук берип же макулдук берүүдөн баш тартышы керек. Парламент үч күндө чечим чыгарбаса, түзүм макулдашылды деп эсептелет. Аткаруу бийлигинин башчысын жана анын мүчөлөрүн кызматтан бошотуу укугу да президентке берилген. 

Долбоордун 9-беренесинде Министрлер кабинетинин мүчөсүнүн ишине төмөнкүдөй кепилдиктер каралган. 

  • Министрлер кабинетинин мүчөсү башкарган органдын ишин уюштургандыгы, ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарууну камсыз кылгандыгы үчүн, өзүнүн милдеттерин аткарууга байланыштуу айткан ой-пикирлери же министрлер кабинети кабыл алган чечимдер үчүн куугунтукталбашы керек;
  • Министрлер Кабинетинин мүчөсүн башка негиздер боюнча жазык жоопкерчилигине тартууга Президенттин макулдугу менен жол берилет;
  • Аткаруу бийлигинин мамлекеттик сыйлыгы бар мүчөсү камакка алынышы мүмкүн эмес. Бирок тергөө өткөрүүнүн жүрүшүндө үй камагына алса болот;.
  • Министрлер Кабинетинин мүчөсү Министрлер кабинети белгилеген учурларда жана шарттарда кызматтык турак жай алуу укугуна ээ. Кызматтык турак жай менчиктештирилүүгө жатпайт. Эгерде Министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтык ыйгарым укуктарын токтотсо, бир айда кызматтык үйдү бошотушу керек;
  • Кызматтык ишин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу жаралса министрлер кабинетинин мүчөсү мамлекеттик коргоо менен камсыздалат. Зарыл болгондо коопсуздук чаралары аткаминердин жубайына жана жакын бир туугандарына карата колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле Министрлер кабинети президенттин алдында отчет берет. Алардын отчетун Жогорку Кеңеш канааттандырарлык эмес деп таанууга укугу бар. Мындай учурда да Министрлер кабинетинин иштеп жаткан курамын таркатуу же калтыруу чечимин президент кабыл алат. 

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү президент аныктаган ички жана тышкы саясаттын негизги багыттарына макул болбосо же аларды талаптагыдай эмес ишке ашырса ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1488 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*