Баткен: чек арада абал тынч, Көк-Таштагы окуяны милиция териштирип жатат

Сүрөт: Чек ара кызматы

23-июлда түнү Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, таш атуулар орун алган. Бул маалыматты «Т-Медиага» Баткен районунун акими Учкун Жоробаев ырастады.

Жоробаев учурда абал тынч экенин билдирди.

«Окуя 22-23төр чамасында болгон. Тажик тараптан кишилер топтолуп, кыргыз тарапка таш атышкан. Ок атуу боюнча мен так айта албайм. Анткени Ички иштер органдары менен Чек ара кызматы тактап атат. Ошондон кийин гана «ок атылды же атылбады» дебесек, азырынча бир нерсе айтыш кыйын. Азыр абал тынч». 

Ички иштер министрлиги менен Чек ара кызматы окуя тууралуу азырынча маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырым. Анын ичинен 519 чакырымы делимитация жана демаркациядан өтүп, калган бөлүгү тактала элек. Чек аранын тактала элек бөлүктөрүндө жайыт, жер жана сугат суу талашынан улам жергиликтүү тургундар менен коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын ортосунда чыр-чатактар көп катталып келет.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*