Коронавирустан он бир адам көз жумду, вирус 1147 кишиден аныкталды

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 24-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан дагы 11 бейтап көз жумду. Бишкекте сегиз, Чүйдө бир, Жалал-Абад облусунда эки киши каза болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери анын курмандыктары жалпысынан 2 238 адамга жетти.

Вирус соңку бир суткада дагы 1 147 кишиден аныкталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында — 661 бейтап. Ош шаарында — 8, Чүйдө — 153, Ош облусунда — 59, Таласта — 20, Нарында — 26, Ысык-Көл облусунда — 52, Жалал-Абадда — 95 жана 73ү Баткенде катталды.

Расмий маалыматка ылайык, ушуну менен вирус жуккандардын жалпы саны 156 1552 адамга жетти. Андан 133 444 бейтап айыкты. Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

Ушул күндөрү 4 143 адам ооруканада дарыланууда. Алардын ичинен 236 бейтаптын абалы өтө оор, 1 173 кишиники оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча дагы 31 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Ушуну менен жалпы 6 326 медкызматкерге COVID-19 жукту. Анын 5 576сы сакайды.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*