
21 жаштагы кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Японияда өтүп жаткан Олимпиада оюндарында пневматикалык мылтыктан он метрге ок атуудан 48-орунду ээледи.
Мелдеш бүгүн, 24-июлда Осака шаарында өттү. Оюн Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5:30да башталды.
Ок атуу боюнча аялдар арасындагы квалификациялык мелдешке 50 спортчу катышты. Каныкей Кубанычбекова мелдеште 612,8 упай топтоп, алдыңкы сегиздикке кире албай калды. Бул үчүн ага 16 упай жеткен жок.
Мелдештин финалы 25-июлда болот.
23-июлда Япониянын баш калаасында XXXII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи өттү. Токиодо коронавирус жуктургандар көп катталып жатканына байланыштуу иш-чара бир катар чектөөлөр менен болду.
Олимпиадага дүйнөнүн 200дөн ашуун мамлекетинен 12 миңден көбүрөөк спортчу катышууда. Кыргызстандан 16 спортчу бар. Бүгүн, 24-июлда кыргызстандык дагы бир спортчу Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 100 метрге жарышка чыгат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат.
Оставьте первый комментарий