Ош: мамкызматкерлер менен жеке ишкерлер диалог түзүүнү үйрөнүүдө

Сүрөт: Т-Медиа/Даяна Данияр

Бүгүн Ошто бизнес ассоциациялардын, чакан жана орто бизнес ээлеринин, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын, жаштар уюмдарынын жана журналиссттер үчүн «Мамлекеттик-жеке диалог» деген темада эки күндүк семинар-тренинг башталды. Бул тууралуу «Т-Медиага» иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Окутуу 24-25-июль күндөрү болот. Иш-чаранын алкагында бизнес ассоциациялар, компаниялар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажрыйба алмашып, бизнес чөйрөнү өнүктүрүү көйгөйлөрүн талкуулоого аянтча түзүлөт. Ошондой эле билимин жана көндүмдөрүн жогорулатууда диалог түзүүнүн куралдары менен таанышууну, кызматтык документтерди даярдоону жана коммуникативдик көндүмдөрдүн негиздерин үйрөнүшмөкчү.

Иш-чара Борбордук Азия Инвест V программасынын алкагында Европа Бирлиги тарабынан каржыланган «BOOST — Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы ишкерлер жана уюмдар туруктуу иштейт» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Долбоор Кыргызстандын жана Өзбекстандын түштүк аймактарындагы текстиль жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын ишкерлеринин кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууну көздөйт. Ошондой эле анын алкагында эки өлкөдө жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Автор Т-медиа 12149 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*