Эрмен экстракты коронавирустан айыктырабы? Текшеребиз

«Эрмендин экстракты COVID-19 менен күрөшүүдө натыйжалуу деп табылды». Бул боюнча 24.kg басылмасы Scientific Reports журналына шилтеме берип жазып чыкты. 

«Аталган чөптүн экстракты коронавируска каршы күрөшүүдө натыйжалуу экени аныкталды. Анын курамындагы заттар SARS-CoV-2 коронавирусун басууга жөндөмдүү. Илимпоздор эксперименттердин жүрүшүндө ушундай жыйынтыкка келишкен. Изилдөөчүлөр эрмендин натыйжалуу экстракттарын табышты. Тесттер адамдын клеткаларына, атап айтканда A549-hACE2 өпкө рагы клеткаларына жүргүзүлдү. Окумуштуулар Мюнхендеги коронавирустун германиялык түрүн жана Копенгагендеги даниялык штаммды вирус катары колдонушкан», — деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары журналда илимпоздор жакын арада клиникалык сыноолорун баштоону жана анын коронавируска каршы күрөштөгү артыкчылыктарын баалоону пландаштырып жатканы кошумчаланган.

Маалыматта эл аралык илимпоздор тобу аныктаганы жазылганы менен так кайсы экендиги камтылган эмес.

«Т-Медиа» маалыматты текшерип көрдү.

Биз ачык булактардан бул тууралуу издеп көрдүк. Анда акыркы 5-10 күндө жарыяланган ушул эле аталыштагы материалдарды көрүүгө болот. Бирок аларда да ушул эле журналга шилтеме берилип жазылган.

Чөптөр тууралуу дүйнөлүк медицина эмне дейт?

Бирок бүгүнкү күндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту дарылоо үчүн атайын дары-дармектер жардам бере албай турганын айтып келет. Ошондой эле вирус менен чөптөр, жер-жемиштер же чайлар натыйжалуу күрөшө алат деген билдирүү да далилденген эмес.

Буга чейин президент Садыр Жапаров менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана табып Хашим Зайналиевдин да уу коргошун менен дарылоосун ДСУУ натыйжасыз деп билдирген.

Ушул тапта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму  тарабынан коронавируска каршы жети вакцина бекитилген. Мындан тышкары 19 вакцина ар кайсы өлкөлөрдө колдонулуп,  дагы 127си сыноодон өтүүдө.

Жыйынтык: Коронавирусту эрмен экстракты менен дарылоо далилдене элек

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо