«Кадыралиевдер жашатпас болду». Өзгөндө сабалган жарандардын жакындары президентке кайрылды

Өзгөн районунун Кочкор-Ата айылында сабалган эки жарандын жакындары укук коргоо органдарына жана президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Алар ошол эле райондун тургундарды Кадыралиевдердин үй-бүлөсүнө чара көрүүнү талап кылып, милицияга ишенбөөчүлүлүк билдиришүүдө.

Сабалган эки жарандын атасы Базарбай Батыров, Кадыралиевдер менен милиция биргелешип алып, тийиштүү чара көрүлбөй жатканын билдирүүдө.

«Балдарымды 17-июль күнү Жылышма жайлоосунда чатырда жаткан жеринен топ балдар атка сүдүрөтүп, уруп, балта менен сабашкан. Натыйжада экөө тең ооруканада оор абалда жатышат. Сабагандар 10-15 чакты балдар болгон. Атка сүдүрөтүп уруп, муунтуп тепкилеген»,- деди Батыров.

Жабркагандардын апасы Гүлсүнай Молдобаева Кадыралиевдер бир канча жылдан бери эле үстөмдүк кылып келе жатат деп белгиледи. Анын айтымында, сабагандар ушул күнгө чейин моралдык дагы күнөөсүн сезбей жатат.

«Кадыралиевдер бизди кордоп, каныбызды ичкенге чейин барып жатат. Бул жерде эң негизги Алтынбек, Жоомарт жана Нурмухаммед Кадыралиевдер. 15тей баланы уюштуруп келип урган ушулар. Буларга өлүм жазасын колдонуп бергиле суранабыз. Жашатпас болду бизди»,- деди Молдобаева.

Бул окуя тууралуу Кадыралиевдер менен байланышып, маалымат алууга азарынча мүмкүнчүлүк боло элек.

Ал арада Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымат таратып, сабалган эки жаран боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын кабарлады. Анда сабалгандар денелеринен оор жаракат алгандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында Өзгөн райондук соту ден-соолукка оор зыян келтирүү беренеси боюнча С. Ж жана К. А аттуу эки жаранга бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандаган.

Факты кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестерине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо