Коронавирус өткөн суткада дагы 12 кишинин өмүрүн алды

COVID-19 илдети акыркы 24 саатта 973 адамдан аныкталды. Илдет менен күрөшүп жаткан 12 бейтап көз жумду. Ошол эле учурда 1568 киши айыгып чыкты. 

Республикалык штабдан билдиришкендей, жаңы учурлардын аймактар боюнча саны: 

Бишкек — 637;

Ош шаары — 23;

Чүй облусу – 72;

Ош облусу – 12;

Талас облусу — 18;

Нарын облусу — 18;

Ысык-Көл облусу – 39;

Жалал-Абад облусу – 74;

Баткен облусу — 88.

Коронавирус пандемиясынан бери  жалпы жуктургандар 158 120га жетти. Анын ичинен айыккандар 136 700. Каза болгондор  2261.

Ушул тапта стационарда 4187,  амбулатордук түрдө 13691 адам дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо