Нефтетрейдерлер ассоциацияcы: бензин дагы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда быйыл күйүүчү май кескин түрдө кымбаттап, айдоочулардын нааразычылыгын жаратып жатат. Учурда өлкөдө АИ-92 бензининин орточо баасы 56 сом. Нефтетрейдерлер ассоциацияcы жакынкы эки айда баалар дагы өсүшүн эскертишүүдө.

Күйүүчү майдын баасы өскөндөн улам, айдоочулар тапкан кирешеге караганда бензинге көбүрөөк чыгым сарптап жатканын айтып, бийликтен чара көрүүнү талап кылууда. 15 жылдан бери такси кызматында иштеген Сабыржан Капаров, ал эмгектенген жылдар аралыгында бензин мынчалык кымбаттаган эмес дейт.

«Айрыкча быйыл элдерге оор заман болуп жатканда бензин да кымбат. Жүргүнчүлөр даттанышат. Бирок бизде да айла жок болуп жатпайбы. Негизги кирешем ушул, эптеп 2-3 нанга иштеп кетип жатабыз»- дейт айдоочу.

Ал эми, нефтетрейдерлер ассоциацияcы жакынкы эки айда күйүүчү майдын баасы дагы 6-10 пайызга көтөрүлөт деп болжолдоп жатышат. Муну жөнгө салууга аракеттер болууда деп билдиришкени менен азырынча майнап чыга элек.

Экономист Мирлан Убайдуллаев, баанынын өсүшү дүйнө жүзүндө катталып жатканын эскертип, аны жөнгө салуу үчүн чечкиндүү кадамдарга баруу керек дейт.

«Биздин негизги стратегиялык өнөктөштөрүбүз болгон Россия жана Казакстан менен жаңы келишимдерди түзүш керек. Азыркы мамлекеттер аралык саясатты байкап жатабыз, ошол эле Казакстан, ошол эле Россия бизге баштагыдай оң көз менен карабай жатат. Эгер кескин кадамдарга барып, чечүү жолдорун издебесе баа дагы кымбатташы мүмкүн» — дейт Убайдуллаев.

Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү 1,2 миллион тонна. Басымдуу бөлүгү Россиядан импорттолот. Монополияга каршы агенттигинин берген маалыматы боюнча, Россия мунайды кайра иштетүүчү заводдорунда июндан баштап күйүүчү майдын дүң баасы кымбаттаган. Мындан улам бир жылда баа 25 сомго өстү, башкача айтканда 2020-жылдын ноябрь айында АИ-92 бензини 31 сомдон сатылган болсо, учурда 55-56 сомго туура келди.

Май айында Улутстатком күйүүчү май 5 айда 34%га кымбаттаганын билдирген. Монополияга каршы күрөшүү кызматы баалар август айында дагы жогорулайт деп божомолдоодо.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 405 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо