«Биздин Кыргызстан» партиясы: БШК саясий буюртма аткарып жатат

Ош шаарындагы шайлоодон четтетилген «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда партиянын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти. 

Алар Борбордук шайлоо комиссиясын саясий буюртманы аткарууга айыпташууда. Ошондуктан президент Садыр Жапаровго жана Жогорку соттун төрайымына кайрылып, адилеттүү чечим чыгарып, депутаттык мандаттарын коргоп берүүсүн суранды.

«Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн даттанып Жогорку сотко кайрылабыз. Сот Ош шаарындагы  21 миң 500 адамдын укугун коргойт деп ишенебиз. Бизге үгүтчүлөр мыйзам бузган деп айтып жатышат. Биз ар бир факты боюнча иштеп милицияга далилдерибизди бергенбиз. 5ке жакын иш кыскартылган. Экөө эч бир себеби жок эле сотко өткөрүлгөн. Ошол бойдон калган. Соттун чечими жок»,- деди партиянын өкүлү Медербек Абдыманапов.

БШК кечээ, 26-июлдагы отурумунда «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты.

Ал арада «Биздин Кыргызстандын» негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү таратып, БШК адилетсиз чечим кабыл алганын билдирди.

11-июлда өткөн шаардык Ош шаарында кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы 7 пайыздык чектен өткөн. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, БШКга жиберген болчу.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5845 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо