COVID-19 илдетинин жаңы 969 учуру катталды. Он төрт бейтап көз жумду

Коронавирус бүгүн 27-июлда 969 кишиден аныкталды. Он төрт бейтап каза болду. Ошол эле учурда 1116 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республтикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 611;

Ош шаары — 6;

Чүй облусу – 86;

Ош облусу – 22;

Талас облусу — 18;

Нарын облусу — 20;

Ысык-Көл облусу – 59;

Жалал-Абад облусу – 88;

Баткен облусу — 59.

Коронавирус пандемиясынан бери өлкөдө илдет жуктургандардын саны 159 089га жетти. Анын ичинен айыккандар 138 316. Каза болгондор 2275.

Стационарда 3935 жана амбулатордук түрдө 13272 адам дарыланып жатат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо