COVID-19 дагы он үч бейтаптын өмүрүн алды

Сүрөт: T-MEDIA ©NARGIZAANARBAIKYZY

Коронавирус илдетинен акыркы суткада 13 бейтап көз жумду. Вирусту дагы 996 киши жуктуруп алды. Ошол эле учурда 1723 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:

Бишкек — 603;

Ош шаары — 9;

Чүй облусу  – 126;

Ош облусу – 26;

Талас облусу — 12;

Нарын облусу — 14;

Ысык-Көл облусу – 56;

Жалал-Абад облусу – 92;

Баткен облусу — 58.

Жалпы жуктургандар расмий маалымат боюнча 160 085ге жетти. Айыккандар 140 039. Каза болгондор 2288.

Ушул тапта стационарда 3928 жана амбулатордук түрдө 12528 адам дарыланып жатат.  

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*