Жаңы полигон көйгөйдү чечеби?
Ондогон жылдардан бери көйгөйү чечилбеген Оштун таштанды талаасы
Оштун Жапалак айыл аймагынын тургундары 26-июлда нааразылыкка чыгышты. Алар шаардын таштанды талаасы өрттөнүп, айылды түтүн каптап жаткандыктан полигонду жабууну талап кылышууда. Бул көйгөй акмакта биринчи жолу катталып жаткан жок. Мындан 5 жыл мурун эле бийлик полигон талапка жооп бербегендиктен жаңысын курууну убадалаган. "Т-Медиа" конушка жакын полигон эмнеси менен кооптуу экендигине жана жаңы таштанды жайы качан курулушуна кызыгып көрдү.
50-жылдары курулган Оштун таштанды жайы, дээрлик 54 гектар жерди ээлейт. Ал тилкеге күнүнө 1500 куб таштанды төгүлөт. Полигондон болжолдуу бир чакырым аралыкта Жапалактын ДЭУ калктуу конушу бар.
Мында таштанды өрттөнүп, айылды түтүн каптап жатканына бир аптага таяп калды. Ыштын жытынан күнү-түнү дем алып жаткан тургундар, оору жугузуп алуудан кооптонуп жатышат. Алар кечинде балдары менен уктай албай жатканын айтышууда.
Батма Кыдырова
ДЭУ айылынын тургуну
"Кечинде түтүн каптап, балдарыбыз менен уктай албай чыгабыз. Тамагыбыз ачышып чыгып, жөтөлүп жатабыз. Бир жагынан ысык, бир жагынан таштандынын жыты эми түтүн кошулуп элди кыйнады. Ушул таштандыга жылына миллиондогон акчалар бөлүнөт экен. Акчаны ушундай көйгөйлөрдү чечкенге жумшашпайбы".
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалыматында өрт күндүн ысыгынан улам чыккан. Аны суу менен өчүү мүмкүн болбой жатат. Мындан улам, кызматкерлер күйүп жаткан таштандыны топурак менен көмүүдө.
"Күндүн ысыгына байланыштуу Кыргызстанда бүт полигондордо өрт чыгып жатат. Азыр отту өчүрүп бүтөйүн деп калдык"- дейт "Ош-Тазалык" ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов.
Конушка жакын полигон эмнеси менен кооптуу?
Таштанды полигонунан чыккан ыш ден-соолукка зыян тийгизээри маалым. Бирок полигон бир гана өрттөнгөндө кооптуу эмес. Анын конушка жакын жайгашышы тургундардын түрдүү жугуштуу ооруларды жугузуп алышына алып келиши мүмкүн.
"Пластик таштандыны гана эмес, жалбыракты өрттөгөндө да абага көп токсикоздук элементтер бөлүнүп чыгат. Бул организмде клеткалардын өлүшүнө алып келет да, рак ооруларын пайда кылат. Полигон - негизи адам өмүрүнө кооптуу аймак. Кээ биринде өлгөн жаныбарлар орго салынбай эле ачык ташталат. Бул - адамда сибир жарасы, туберкулез, бруцеллез сыяктуу ооруларды чакырышы мүмкүн"- дейт Ош шаардык санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамарасул Өмүрзаков.
Мамлекеттик экотехинспекциянын "Ош шаарындагы полигон талапка жооп бербейт" деп чечим чыгарган. Ал дээрлик 70 жыл мурун эч кандай эрежелер сакталбай, айланасы тосулбай ачык эле курулуп калган. Эми ага жакын жерде жашаган конушка кооптуу аймак болуп турат.
"1950-жылдардан бери полигон болгон бул жерге 2013-жылы гана "свалка" деген мамлекеттик акт берилген. Ага чейин полигондун эч кандай документи жок болгондуктан, айланасында турак жай курууга уруксат берилип, Жапалак аймагынын конушу жакындап бара берген. Учурда полигон тосулбай ачык бойдон турганы тургундар үчүн кооптуу. Биз ал жердеги талапка жооп бербеген көрүнүштөрдөн улам, 12 пунктан турган эскертме бергенбиз. Бирок бүгүнкү күндө бийлик аны оңдоого экү аракет кылбай жатат, себеби полигондун жаңысын курууга бүт күч жумшалууда".
Акча бөлүнгөнүнө беш жыл болду. Жаңысы курула элек.
Ош шаарына 2016-жылы жаңы полигон үчүн Епропа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы грант түрүндө 10 млн. евро бөлгөн. Анын 6,5 миллиону полигон курууга деп каралган. Бирок ал жылдары таштанды талаасы үчүн жер табылбай, долбоор башталган эмес.

"Ош Тазалык" ишканасы беш жылдан бери жаңы полигонду заманбап кылып салуу үчүн долбоор даярдап жатат. Жетекчилик аны быйыл куруу планда бар экенин айтып, сентябрга калбай тендер жарыяланат деп ишендирүүдө. Бирок полигонго ылайыктуу жай табылбаганы үчүн таштанды талаасы кайра эле эскисинин бош турган аянтына тургузулат.
"Европалык стандартка жооп бере турган полигон болот. Ал катлаван болуп казылат, таштандынын топурак катмарына зыян келтирбей турган кылып, ичинен катмарлар болот. Бир полигон 50-60 жылда толо турган болот" -деди "Ош Тазалык" иш канансынын ОРП адиси Алтынай Сатинбаева.
Деген менен эркин эколог Гамал Сооронкулов жаңы полигон маселени чечпейт дейт. Полигондун жанына таштандыны кайра иштетүүчү ишкана түшпөсө, кайра эле эски абалына келип калуу коркунучу бар. Бүгүнкү күндө таштанды полигонго жеткенге чейин деле иргелбейт. Бул өлкө боюнча курч маселе.
Кыргызстан таштанды талаасына айланып баратабы?
Таштанды талаасы бир гана Ош шаарында эмес, өлкөнүн башка аймактарында да орчундуу көйгөй бойдон калууда. Жети дубанды кыдырып Кыргызстандын экологиясын изилдеп жүргөн эркин эколог Гамал Сооронкуловдун айтымында, Кыргызстанда кооптуу делген полигондор арбын.

Сооронкулов учурда Экологиялык чечимдер институту коомдук фонду менен биргеликтеайлана- чөйрөгө зыян алып келген көрүнүштөр түшүрүлгөн «Ecomap» картасын түзүп жатат. Картанын азыр дээрлик аяктап калган үлгүсүнөн аймактарда мыйзамсыз негизделген таштанды талааларын, калктуу конушка жакын жайгашып же шамалга сапырылып чачылып жаткан кадрларды көрүүгө болот.
Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы таштанды талаасы
Орто-Токой суу сактагычынын боюндагы таштанды талаасы. Суу сактагыч менен полигондун ортосундагы аралык 500 метр. Бул жерде таштандылар күн сайын төгүлөт, шамал болсо, таштандылар суу сактагычка түшөт. Полигондо өлгөн жаныбарлар үчүн ор да даярдалбаган.
Чолпон-Ата шаарындагы күмбөздүн жанына жаңы эле негизделген таштанды талаасы. Жергиликтүү бийлик бул аймакта таштандыдан арылуу максатында улам жаңы полигонго жер бөлүп отуруп, бул сыяктуу 100дөн ашуун свалканы пайда кылган. Алардын бардыгы талапка жооп бербейт.
Нарын облусунда жол боюндагы таштанды талаасы
Жалал-Абад шаарынын полигону
Өзгөн районунун Төрт-Күл айылындагы таштанды талаасы
Исфана шаарындагы полигон
Баткен облусунун Кызы-Кыя шаарынын таштанды талаасы
Баткен облусунун Кадамжай шаарындагы полигон
Left
Right
Булак: https://www.ecomap.kg/# Сүрөт: Влад Ушаков
Таштанды иргөө маданиятын калыптандыруу аракеттери
Ош шаарын, негизи эле Кыргызстанды таштанды каптап калуу коркунучунан сактоо үчүн экологдор алгач таштанды иргөө маданиятын өнүктүрүп, кайра иштетүүгө басым жасашыбыз керек деген ойдо турушат. Дал ушул жаатта 2012-жылы Ош шаарындагы "Орхус" экологиялык борбору калаанын кичи райондорунун биринде таштандыларды бөлүп таштоо боюнча пилоттук долбоор аткарып көргөн. Анда сегиз аянтчага 54 таштанды үкөктөрү орнотулуп - ар бир короодо макулатура, айнек, металл үчүн өзүнчө, полиэтилен, пластмассага башка жана тамак-аш калдыктары үчүн өзүнчө үкөктөр коюлган. Жашоочуларга таштандыны үйдөн иргеп алып чыгуу үчүн үчтөн челек берилген.
Сүрөт: "Орхус" борбору
Бирок шаарда таштанды ташыган унаалар өз-өзүнчө бөлүнгөн таштандыларды чогуу салып эле жүктөп кетип, полигонго ошол бойдон төккөндүктөн долбоор ишке ашкан эмес.
Ошентсе да бул жаатта жасаган аракети ишке ашып, Бишкек шаарын күнүнө тонналаган пластик бөтөлкөдөн сактап жаткан жаш активисттер бар.

Жаш активисттер бул демилгеси менен таштандыны иргеп, ал тургай каражат булагына айлантып, ошол эле учурда экологияны сактап калууга болоорун далилдешти. Бактыяр мындан ары элди акырындык менен таштандыны иргөө маданиятына көндүрүп, ар бирин өзүнчө бөлүп чогултууга үндөмөк болууда.
"Орхус" борборунун маалыматында Ош шаарында таштандынын бир пайызы гана, тагыраагы пластик бөтөлкөлөр, темир, макулатура жана батарейка кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Бирок калаада алардын ичинен бир гана макулатурадан даараткагазын жасоочу ишкана бар. Ал эми, батарейка жана пластик бөтөлкөлөр кошуна өлкөлөргө кайра иштетүүгө сатылат. Мындан улам, экологдор өлкө аймактарына жаш активисттердин мисалындагы бул сыяктуу демилгелерди жайылтып, көйгөйдөн арылуу үчүн акырындап таштанды иргөө маданиятын жолго коюшубуз керек дейт. Ошондой эле жергиликтүү бийлик таштандыны кайра иштетүүчү ишкана курууга басым жасаса көйгөйдөн арылууга көмөк болмок.