Мамлекеттик, коомдук ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды

Көрүнүктүү коомдук, мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 78 жашында оорудан улам дүйнө салды.

Ал 1943-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Хиля айылында туулган. Кесиби боюнча агроном. Эмгек жолун Лейлек районунан баштаган.  

1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарында эмгектенген;

1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, «Кыргыз дан азык» ишканасынын жетекчиси;

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2004-жылы «Кыргызстан элдик кыймылынын» аткаруу комитетинин төрагасы;

2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси;

2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчи болгон. Мындан тышкары, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын жетекчиси болчу.

Автор Т-медиа 12131 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*