Осмонов: «Биздин Кыргызстан» партиясы соттон утуп чыкты

Ош шаардык кеңешине катышкан «Биздин Кыргызстан» партиясы Жогорку соттон утту. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу  партиянын негиздөөчүсү Айбек Осмонов «Фейсбук» баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, 11-июлда Ош шаардык кеңешине кайра өткөн шайлоонун жыйынтыгын Бишкектин административдик соту таанып, БШКнын чечимин жокко чыгарган.

«Урматтуу мекендештер! Сиздердин ар бир добушуңуздарды эске алуу менен акыйкаттыктын шамы үлбүрөп өчпөй жарыгын чачты десем дагы болот. Бүгүн, Соттун чечими адилеттүү болду.  Ош шаарындагы болуп өткөн шайлоодогу жыйынтыгыбызды Бишкек шаардык Соту тааныды! Бул чечим “Биздин Кыргызстан” партиябыздын жеке тарыхында жоон сыялуу тамга менен жазылып калат десем болот. Бизге ишеним көрсөтүп, чыныгы жүрөгү менен тынсызданып, биз менен аягына чейин турабыз, биргебиз деген шайлоочуларыбызга терең ыраазычылык билдиребиз!  Көбүрөөк жашасын АДИЛЕТТҮҮЛҮК! Урматым менен Осмонов Айбек Жапарович», — деп жазган соц тармактагы баракчасына.

Эске салсак, БШК 26-июлда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан «Биздин Кыргызстан» саясий партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны тизмеден чыгарган.

Арыздарды кароо боюнча жумушчу топ «Биздин Кыргызстандын» талапкерлеринин тизмесин жокко чыгарууну жана шайлоо бюллетендерин жараксыз деп табууну сунуштаган.

Кечээ партия өкүлдөрү маалымат жыйын куруп, Жогорку сотко кайрылышкан.

11-июлда өткөн шаардык Ош шаарында кеңештин депутаттарын кайра шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Биздин Кыргызстан» саясий партиясы 7 пайыздык чектен өткөн. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өттү деп таанып, БШКга жиберген болчу.

Ага ылайык, 19 мандат «Ата-Журт Кыргызстан» партиясына, 15 мандат «Биздин Кыргызстан», 7  «Улуттар Биримдиги», 4 «Бир Бол»  партияларына бөлүнмөк.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо