Президент кыргызстандыктарды эмдөөгө чакырды

Өлкө башчы Садыр Жапаров, кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Жапаров, акыркы күндөрү ооруканага түшкөндөрдүн дээрлик 100 пайызы вакцина албагандар болуп жатканын айткан.

«Бюджетибиз ансыз да эңшерилип турганда ого бетер оорчулук келүүдө. Жалпысынан 20 миллион долларга жакын каражатка вакцина алып келип жатабыз. Андан тышкары, бир оорулууну 14 күн дарылоо үчүн миң долларга чейин каражат сарпталууда. Эмдөөдөн өтпөй коюу менен өзүңөргө, жакындарыңарга, кошунаңарга жана мамлекетке чоң зыян келтирип жатасыздар. Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, көптөн-көп сураныч вакцина алыңыздар», — деп жазган ал билдирүүсүндө.

Учурда өлкөдө эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 492 миң кишини түзүүдө. Кыргызстанда көбүнчө Кытайдын Sinopharm вакцинасы берилүүдө. Буга чейин азыраак  Орусиянын Sputnik-V  вакцинасы да алынып келинген. 22-июлдан тарта AstraZeneca вакцинасы да сайыла баштаган.

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*