
Кылмышка шектүүлөр ооруканадан чыгарылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Өзгөн районунун Жылышма жайлоосунда болгон кылмышка шектүүлөр милициянын атайын коштоп жүрүүчү кызматкерлеринин кайтаруусунда ооруканада жаткан. Учурда алардын ден соолугу калыбына келип, кечээ Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына алынып келинген.
«Кылмышка шектүү 19 жаштагы С.Ж. жана 20 жаштагы К.А. ооруканада дарыланып жатышкан. Шектүүлөрдөн COVID-19 илдетине ПЦР анализи алынды. Анализдин жыйынтыгы чыккан соң Өзгөн райондук сотунун токтомунун негизинде Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторуна которулат», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 17-июль күнү Өзгөндүн Жылышма жайлоосунда массалык мушташ катталган. Анда эки бир тууганды чатырда жаткан жеринен топ балдар атка сүдүрөтүп, уруп, балта менен сабашканы айтылган.
26-июлда сабалган эки жарандын жакындары укук коргоо органдарына жана президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар ошол эле райондун тургундарды Кадыралиевдердин үй-бүлөсүнө чара көрүүнү талап кылып, милицияга ишенбөөчүлүлүк билдиришкен.
Оставьте первый комментарий