Жаңы мыйзам долбоору: 90 депутат болот, он күн жыйынга келбесе мандатынан ажырайт

Кыргызстанда Жогорку Кеңеш депутаттарынын ишин жөнгө салган жаңы мыйзам долбоорлору коомдук талкууда турат. Анда парламенттин айрым ыйгарым укуктары өзгөргөн.

Сунушталып жаткан «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» жана «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» долбоорлор 16-июнда коомдук талкууга коюлган.

Жаңы долбоорго ылайык, парламенттеги 120 депутат 90го кыскарат. Алардын 55и партиялык тизме менен, 35и бир мандаттуу округдан шайланат.

Жогорку Кеңешке шайлоодон өткөн партиялар, мурдагыдай эле фракцияларда иш алып барат. Ал эми бир мандаттуу шайланып келгендер депутаттык топторго бириге алат. 

Өлкөдө жаңы кабыл алынган Конституцияга ылайык Министрлер кабинетинин түзүмүн аныктоо укугу президентке берилген. Мындан улам, парламенттин өкмөттү куроого укугу жок болгондуктан, эми коалициялык көпчүлүк же оппозициялык азчылык түзүлбөйт. 

 

Депутаттык топтор деген эмне?

Сунушталган долбоордо депутаттык топторду түзүү түшүнүгү киргизилип жатат. Мындай топго бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган жана фракцияларга кирбеген депутаттар бириге алат. Депутаттык топторго партиядан шайлангандар кошула албайт. Бир депутат бир гана топтун мүчөсү болсо болот. Депутаттык топтордо 10дон кем эсем эл өкүлү мүчө болушу керек. Бул топтор парламенттик фракциялар менен бирдей укуктарга ээ болот. 

Жогорку Кеңеш жаңы долбоор боюнча мурункудай эле мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө укуктарына ээ. Бирок, эми мыйзам долбоорлорун сунуштоо укугу бир гана депутаттарда эмес, президент, Жогорку сот, башкы прокурор, Министрлер кабинетинде да бар.

Ошондой эле, парламент депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жоболору өзгөргөн. Мисалы, буга чейин бир сессиянын ичинде парламенттин жыйынына 30 күн жүйөөсүз келбесе депутат иштен алынчу. Жаңы долбоордо бир сессияда 10 күн катары менен жыйынга себепсиз  катышпаган эл өкүлүн жумуштан алуу каралган.

Ал эми, “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө” мыйзам долбооруна депутаттын мандатын чакыртып алуу жол жоболу кошулду. Ага ылайык, эл өкүлүнүн мандатын чакыртып алуу чечими элдик курултайдын съездинде кабыл алынып, Жогорку Кеңешке жиберет. Парламент үч күн ичинде атайын депутаттык комиссияны түзүп, бир айдан кеч эмес мөөнөттө сунуштаманы карашы керек. Анын жыйынтыгы менен эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү депутатты мандаттан ажыратууну колдосо, Элдик курултайдын сунушу кабыл алынган болуп эсептелет.

Жаңы долбоордо мурункудай эле, Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай берүү, кызматтык курал колдонуу укуктары калтырылган. Тактап айтканда, Бишкекте үйү жок эл өкүлдөрүнө кызматтык турак жай берилет. Эгерде бош кызматтык үй болбосо, алардын ижарага алган үйүнүн акчасы бюджеттен төлөнөт. Парламент төрагасынын сунуштамасы менен депутаттар кызматтык курал алса болот. Бирок куралды парламент имаратында алып жүрүүгө тыюу салынат. 

 

 

Автор Наргиза Анарбай кызы 1349 статей
“T-Media” редакциясынын кабарчысы. 2021-жылы ОшМУнун Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин аяктаган. Борбор Азиядагы MediaCAMP Award 2021 сынагында “Жаштардын доору” номинациясынын жеңүүчүсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*