Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө: депутаттар өздөрү каршы чыккан долбоорду кайра колдоп берди

Бүгүн 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышты. Долбоорго 97 депутат макул, беш эл өкүлү каршы добуш берген.

Буга чейин аталган долбоорду Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында кабыл албай койгон. Бирок 28-июлда аны кайра добушка коюу демилгеси көтөрүлүп, ага 95 депутат «макул» болуп, 5  депутат гана «каршы» чыкты.

Ушул эле мыйзам долбоору былтыр “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталып, парламент экинчи жана үчүнчү окууда карап колдоп берген. Бирок ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда документти кайра иштеп чыгуу топ түзүлгөн. Долбоор «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» деп өзгөртүлүп, бирок парламенттен колдоо тапкан эмес.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, четке кагылган мыйзам долбоору алты айдан кийин гана кайра каралышы керек эле.

“Медиа полиси” институтунун аталган долбоор тууралуу анализ жүргүзуп,  документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей тургандыгын белгилеген.

Ал эми жарандык коом эки жолу тең ушул мыйзамга каршы митингге чыккан.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо