
29-июлга карата COVID-19 илдетинин 930 жаңы учуру катталды. Вирустан дагы 13 бейтап көз жумуп, 1460 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек — 528;
Ош шаары — 4;
Чүй облусу – 142;
Ош облусу – 43;
Талас облусу — 16;
Нарын облусу — 17;
Ысык-Көл облусу – 57;
Жалал-Абад облусу – 67;
Баткен облусу — 56.
Жалпы илдет жуктургандардын статистикасы өткөн жылдан бери 161 015 кишиге жетти. Анын ичинен 141 499 адам айыгып чыкты. Каза болгондор 2 301.
Ушул тапта ооруканада 3 746 жана амбулатордук түрдө 12 164 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий