Кыргызстанда кылмыштардын саны өстү. Инфографика

Кыргызстанда быйыл январь айынан июнга чейин 23 миң 493 кылмыш иши катталды. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалыматына таянып Улуттук статистика комитети билдирди. 

Жалпы катталгандардын эки миңден ашууну  оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Өлкө боюнча былтыркыга караганда алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5%га өстү. 

Ошондой эле, адам өлтүрүү — 26%га, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны — 34%га көбөйдү. Жарым жыл ичинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары — 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.

Айрыкча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу көбөйгөн.

Статистика боюнча, кылмыштардын көбү Ысык-Көл, Ош облусу жана Бишкек шаарында катталат.

Наргиза Анарбай кызы
Автор Наргиза Анарбай кызы 405 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо