Парламент жаңы шайлоо мыйзамын колдоду

Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоорун 28-июлда экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Аны президент Садыр Жапаров сунуштаган. 

Ага ылайык, эми Жогорку Кеңешке 35 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 55и преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) система менен шайланып келет. 

Партияны тандаган шайлоочу тизмедеги 55 талапкердин ичинен өзү тандаган талапкерге да (преференциалдык) добуш бере алат. Мажоритардык система — өз алдынча шайланып келе турган 36 депутаттын ар бир округунда 100 миңдей шайлоочу болот.

Ал эми босого чек үчтөн беш пайызга көтөрүлүп, «Ар бир төртүнчү депутат аял болсун» деген квота киргизилди. Шайлоо күрөөсү 1 млн сом болот.

Шайлоо жөнүндө мыйзам долбоорго  107 депутат макул, экөө каршы добуш берди. Эми долбоорго президент кол койгондон кийин  күчүнө кирет.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6343 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо