ИИМ: Тажикстандыктар президенттин атайын өкүлү бараткан унаага таш ыргытышты

Сүрөт: Турмуш

Тажикстандыктар президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары бара жаткан унаага таш ыргытышты. Окуя 29-июлда саат 20:15тер чамасында болгон.

Милициядан билдиришкендей, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов менен Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабиров курулуш иштери менен таанышуу үчүн саат 20:15тер чамасында чек аралаш Таш-Тумшук айылына бара жаткан.

«Унаалар өтүп бара жатканда Тажикстандын Хожа-Альо айылынын 15-20га жакын жергиликтүү тургундары эч бир себепсиз унааларына таш ыргытышкан. Сабировго таандык «Хонда СРВ» үлгүсүндөгү унаанын арткы айнеги толугу менен талкаланып, оң каптал арткы айнеги жабыркап жарака кеткен. Анын ичинде президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары дагы болгон» , -деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш кодексинин «Бейбаштык» беренеси боюнча катталган. 

Окуядан кийин Баткен облустук милициясы менен Исфара райондук милициясынын жетекчилеринин сүйлөшүүсү өтүп, жыйынтыгында тажик тарап келтирилген зыянды төлөп бермей болгон.

Учурда чек арага жакын аймактарда милиция кызматкерлери тарабынан элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын алуу, түшүндүрүү иштери алып барылууда.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6073 статьи

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо