Акыркы суткада коронавирустан 10 адам каза болуп, 954 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коронавируска каршы республикалык штабдын бүгүн, 1-августтагы маалыматына ылайык, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинин жаңы 954 учуру катталды. 

Коронавирус жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Чүйдө катталып жатат.

Бишкекте — 582, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда – 87, Ош облусунда – 33, Талас облусунда — 12, Нарын облусунда — 43, Ысык, Көл облусунда – 58, Жалал-Абад облусунда – 73, Баткен облусунда — 58 кишиден вирус табылды.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 1497 адам илдеттен айыгып чыкса, 10 адам каза болду.  Стационарда 3 759 жана амбулатордук түрдө 10 369 адам дарыланып жатат.

COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 163 846га жетсе, 146 061 сакайып чыкты. Ал эми 2 335 адам коронавирустан каза болду.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*