Ош мэриясы: жаңы мэр эртең, 2-августта тааныштырылат

Ош шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов эртең, 2-август күнү жамаатка тааныштырылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров Т-Медиага билдирди. 

Анын маалыматына караганда, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов Бишкектин мэри болуп дайындала турганы боюнча жакын арада расмий маалымат берилет.

Буга чейин бир катар басылмалар президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри болуп дайындала турганын жазып чыгышкан. Ал өзү да Оштун мэри боло турганын ырастаган.

Таалайбек Сарыбашов 11-июлда журналисттерге интервью берип, кайрадан Ош шаарынын мэри болууга ниети бар экенин билдирген.

Ал 2018-жылы Ош шаарынын мэри болуп шайланган. 2020-жылы октябрь окуяларында шаардык кеңештин депутаттары Сарыбашовду иштен алып, кийин кайра шайлаган.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*