Токио 2020: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Токио 2020 Олимпиадасында эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы чейрек финалды Орусиялык Наталья Воробьеваны 12:0 эсеби менен утту.

Кыргызстандык айым буга чейин казакстандык Элмира Сыздыкованы 6:1 эсеби менен утуп алган.

Ал эми грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак боюнча кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда атаандашы молдовалык Виктор Чобануга 9-0 эсебинде утулуп калды. Ал биринчи атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагуловду 8-0 эсеби менен жеңген эле.

Токио 2020 Олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу катышууда.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*