
Акыркы суткада COVID-19 илдети 897 кишиден аныкталды. 9 бейтап каза болду. Ошол эле учурда 1316 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлардын аймактар боюнча саны:
Бишкек — 619;
Ош шаары — 9;
Чүй облусу – 66;
Ош облусу – 6;
алас облусу — 8;
Нарын облусу — 14;
Ысык-Көл облусу – 54;
Жалал-Абад облусу – 66;
Баткен облусу — 55.
Жалпы коронавирус жуктургандардын саны өткөн жылдан бери 164 743кө жетти. Анын ичинен айыккандар 147 377. Каза болгондор 2344.
Ушул тапта стационарда 3779 жана амбулатордук түрдө 9913 адам дарыланып жатат.
Оставьте первый комментарий