Олимпиада- 2020. Акжол Махмудов менен Мээрим Жуманазарова алгачкы жеңишин камсыздашты

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов менен Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн алгачкы жеңишин камсыздады. Ал 77 килограмм салмак категориясы боюнча Тунис өлкөсүнөн барган спортчу Ламджед Маафи менен 1/8 финалда килемге чыкты.

Натыйжада Махмудов 11:0 эсеби менен атаандашын жеңип алды.

Муну менен Махмудов чейрек финалга чыкты. Ал Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. 

Ал эми  балбан кыз Мээрим Жуманазарова да кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада-2020 мелдешинин чейрек финалына чыкты. Ал баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алды.

Эми кийинки этапта Мээрим азербайжандык Елиз Манолова жана нигериялык Блссинга Оборудуданын жеңүүчүсү менен таймашат.

Бүгүн 97 килограмм салмактагы Үзүр Жусупбеков армениялык, учурдагы олимпиада чемпиону Артур Алексанянга менен беттешет. Ошондой эле 76 кг. салмакта Айпери Медет кызы коло медал үчүн күрөшөт.

Токиодо Олимпиада оюндары 23-июлда башталган. 8-августта жыйынтыкталат.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5845 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо