
Кечээ, 4-август саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун бир нече айылдарын сел каптады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, кокту колоттордон түшкөн сел суулары топтолуп Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылындарына агып кирген.
«Кара-Сөгөт айылында бир үйдүн артынан сел суулары кирип тешип өткөн. 6 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келтирилген эмес. ЖТИ 45ке таандык 3 чакырым жолду суу жеп кеткен. Мындан сырткары ички чарбалык 5 чакырым жолду да сел алып, жол кооптуу абалда. Бирок эки жолдо тең каттам бар», — деп айтылат ӨКМ тараткан маалыматта.
3-августта Лейлек районунда сел жүрүп, 20га жакын үйлөрдү каптаган. 19-июлдагы сел аталган райондун 16 жаштагы тургунунун өмүрүн алган. Июлдун башында Жалал-Абад облусунда жаратылыш кырсыгынан бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү курман болгон.
Оставьте первый комментарий