
Кыргызстанда 5-августка карата 505 миңдей адам коронавируска каршы вакцина алды. Көрсөткүч жалпы эмделиши керек болгон жарандардын 14,8 %ын түзөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Эмдөөгө 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Анын жарым миллиону вакцинанын биринчи дозасын сайууга коротулду. Ал эми эки дозасы менен 135 миң адам эмделген.
COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Алардын катарына 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес.
Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргендердин 70% кем эмесин вакциналоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.
Мындан улам, министрлик жарандарды акысыз жана ыктыярдуу түрдө жүргүзүлүп жаткан COVID-19 каршы эмдөөгө активдүү катышууга чакырды.
Оставьте первый комментарий