Ошту көшөгө артынан башкаргысы келген жетекчилер

Натыйжалуу иште эмес, ызы-чуудан көп угулган Ош шаарындагы эки мекеменин жетекчиси орун басарлары менен кызмат алмашты. 

«Ошшаарсууканал» ишканасын 10 жылдан ашык убакыттан бери жетектеп келе жаткан Дөөлөтбек Көкөчоров 30-июлда иштен кеткени жарыяланды. Ал бул кадамын Ош шаардык кеңешине депутат болуп шайланганы менен түшүндүргөн.

Деген менен Көкөчоров жетекчилик кызматын тапшырган күнү эле «Ошшаарсууканал» ишканасынын инженери болуп дайындалганы белгилүү болду.

Экинчи, Ош жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын жетекчиси Бекмырза Эргешов дагы өз арызы менен, 30-июлда жумуш ордунан бошотулуп, ордуна ишкананын башкы инженери Нурлан Мурзаматов убактылуу башкарып жатканы айтылган.

Эргешов Т-Медиага комментарий берип, Ош жылуулук берүү муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жатканын билдирди. Ал жетекчилик кызматтан кеткенин шаардык кеңешинин депутаты болуп шайлангандыгына байланыштуу экенин кошумчалады.

Дөөлөтбек Көкөчоров менен Бекмурза Эргешов былтыркы жылы «Биримдик» саясий партиясы менен Ош шаардык кеңешине шайлоого барган. Ал эми быйыл «Ата-Журт — Кыргызстан» партиясы менен шайлоого аттанган. Жыйынтыгы жокко чыккан 11-апрелдеги шайлоодо Ош аймактык шайлоо комиссиясы мыйзам бузду делген 10 талапкердин тизмесин жарыялап, жарыштан четтетүүдөн баш тартып, кайрадан тизмеге кошкон. Алардын арасында Дөөлөтбек Көкөчоров менен менен Бекмурза Эргешовдун да аты аталган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 5846 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо