Сот Темир Сариевдин баш коргоо чарасын карады

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 30-сентябрга чейин камалды. Анын баш коргоо чарасы кечээ 4-августта түндө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралды. 

Сариев «Кумтөр» ишине байланыштуу айыпталып УКМК тарабынан 3-августта кармалган.

Атайын кызмат ал экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнүн маалымдаган. Мунун жыйынтыгында мамлекетке ири зыян келтирилгени аныкталганын билдирген.

Темир Сариев 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын апрелине чейин премьер-министр болгон.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6698 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо