Олимпиаданын жети медалын уткан спортчу, баш байгени багындырган бир туугандар, бир командада ойногон эгиздер
Япониянын борбору Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндары коронавирустан улам бир жылга кечиктирилип өткөрүлдү. Бирок, ал мелдештин жалгыз өзгөчөлүгү эмес. Быйылкы дүйнөлүк Олимп бир топто катышкан эгиздер, бир күндө алтын уткан бир туугандар менен да эсте калды. «Т-Медиа» Токио-2020 оюндарындагы өзгөчө жеңиштерге көз салып көрдү.
23-июлда башталган Олимпиада оюндарынын экинчи күнүндө эле үй ээси болгон япониялык эки бир тууган жарым сааттык айырмачылык менен алтын медалды багындырышты. Бир спорттун түрүнөн, бир күндө баш байгенин ээси болгон бир туугандар дүйнөнү суктандырбай койгон жок.
Ага-карындаш Ута Абе жана Хифуме Абэ дзюдо боюнча беттешке чыккан. 25-июлда 21 жаштагы балбан кыз Ута Абэ 52 килограммга чейинки салмакта алтын уткан. Андан эки беттештен кийин эле агасы 23 жаштагы Хифуме Абэ килемге чыгып, 66 кг салмакта грузиялык балбанды жеңип, экинчи алтын байгени багындырды.
Ошондой эле, жапониялык эже-сиңдилер Юкако жана Рисако Каваилер эркин күрөш боюнча мелдешке катышкан. Алардын бири Юкако Каваи финалда кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова менен беттешкен. Ал Тыныбекованы 4:3 эсебинде утуп, 62 кг салмакта алтын медалга ээ болду.
5-августта Рисако Каваида 57 килограмм салмакта Беларусиялык атаандашын жеңип алтын байгени утту.
Мелдешке чогуу катышкан эгиздер
Быйылкы Олимп оюндарына ар улуттан катышкан эгиздер өзгөчө көп. Улуу Британиядан эле үч эгиз бир туугандар мелдешке аттанган. Алардын бири коло медалды багындырууга жетишкен, гимнаст кыздар Дженнифер жана Джессики Гадировалар.
Эже-сиңди Гадировалар болгону 17 жашта. Эң кызыгы алардын ата-энеси азербайжандыктар. Чет өлкөдө төрөлүп кош жарандуулук алган эгиздер, Олимпиада да Улуу Британия үчүн коло байгени утуп берди.
Баскетболдун 3x3 түрү боюнча Россиянын аялдар курама командасында эгиздер Ольга жана Евгения Флоркиналар ойношту. Токио Олимпиадасында 28-июль күнү Флоркиналардын туулган күнүндө команда күмүш медалдын ээси болду. Бир туугандар үчүн кош майрам болгон бул жеңиш Россияга командалык оюндардан багындырылган биринчи медалды алып келди.
Россиялык эгиздер Дина жана Арина Авериналар Олимпиадалык оюндарда көркөм гимнастика боюнча мелдешке катышып жатат. Оюндар бүгүн 6-августта башталган. Азырынча эже-сиңдилер алдыңкы эки сапты ээлеп турушат. Бул 22 жаштагы Дина Аверина жана Арина Аверина үчүн биринчи Олимпиада оюндары.
Токио Олимпиадасынын 7 медалын уткан спортчу
Ал эми, Австралиялык 27 жаштагы Эмма Маккеон сууда сүзүү боюнча Токио Олимпиадасынын жети медалын утту. Алардын төртөө алтын, үчөө коло байгелер.
Спортчу 100 жана 50 метрге эркин сүзүүдөн, 100 метрге эркин сүзүү боюнча эстафетадан, 100 метрге комплекстүү сүзүү боюнча эстафетадан алтын медалдарды тагынган. 100 метрге баттерфляй ыкмасы менен сүзүүдөн, 100 метрге эркин сүзүү боюнча эстафетадан жана 100 метрге аралаш комплекстүү сүзүү боюнча эстафетадан коло байгенин ээси болду.
Кыргыз балбандары тарыхты жаңылады
Кыргызстандык спортчулар Токиодогу Олимпиада да 2 күмүш, 1 коло медаль утту. Алгач эле, Акжол Махмудов Кыргызстанга 13 жылдан кийинки экинчи күмүш байгени багындырып берди. Ал эми, балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын жеңиши кыргыз тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы күмүш медалды, Мээрим Жуманазарованын байгеси биринчи колону алып келди.
Автор
Наргиз Анарбаева